Көз жоосун алат! Дүйнөнүн ири шаарларында атылган жаңы жылдык салюттар. Видео

Өткөн түнү дүйнөдө миллиондогон адамдар укмуштуудай кооз салюттарга күбө болушту. Биз дүйнөнүн ири шаарларындагы фейерверк шоуларды топтодук.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Sputnik 2020-жылдын алгачкы түнүн көркүнө чыгарган салюттарды тизмектеп чыкты.

Чычкан жылын дал ушундай кылып Нур-Султандын (Казакстан) тургундары тосуп алды. 

Дубай шаарында салтка айлангандай эле жомоктогудай шоу болду. Салюттарды дүйнөдөгү эң бийик имараттан атышты.

Австралиянын Сидней шаарындагы салют. Негизи өлкөдө болуп жаткан өрттөргө байланыштуу фейерверкти токтотуу керек деп чечишкен. Бирок шаар жетекчилиги тургундарга майрам керек деп эсептеди.

Рио-де-Жанейродогу салютту миллиондогон киши көрдү.

Лондондогу фейерверк.

Токионун тургундары түркүн-түскө боелгон салютка күбө болду.

2020-жылдын биринчи түнү, Москва шаары.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында дагы көз жоосун алган салют атылды.