Таңда Ноокенде милиция кызматкери киши колдуу болуп көз жумду

Маркум 2013-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келген. Каргашадан көз жумган милициянын сержанты эки баланын атасы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда милиция кызматкери киши колдуу болуп көз жумду. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 1-январь күнү саат 04:15 чамасында Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасына сол көкүрөгүнө учтуу нерсе сайылып 30-35 жаштагы эркектин сөөгү алып келинген. Анын 2013-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келген 30 жаштагы милициянын сержанты экендиги аныкталган.

ӨКМ агенттигинин жетекчиси ок жеп, каза тапкан үйдүн сүрөтү
Каргаша болгон күнү жабырлануучу эс алып кызмат абалында болгон эмес. Бирок ага эки айылдаш иниси чалып, Ноокен районунун Арал айылынын Орто-Сай участогунда 2-3 бала сабап, алар талаада качып жүргөндүгүн айткан. Ошондо милиция кызматкери окуя болгон жерге жардам берүү үчүн барып, сабагандардын бирин кармаганда 25 жаштагы шектүү бычак менен сайып жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана шектүү колго түшүрүлгөн.

Каза болгон укук коргоо кызматкеринин артында эки баласы калды.