UFC өзүнүн Youtube каналына "Он жылдыкка саресеп" рубрикасы менен ар кандай видеолорду жарыялап турат. Бул жолу 2019-жылдагы мыкты делген беттештер жайгаштырылды.
Ага төмөнкү күч сынашуулар киргизилди:
6-июль күнү АКШлык Хорхе Масвидаль мекендеши Бен Аскренди бешинчи мүнөттө сулаткан. Бул UFC тарыхындагы эң тең нокаут;
31-августта Кытайда өткөн UFC Fight Night 157 мелдешинде бразилиялык Жессика Андраде менен кытайлык Вэйли Жанг мушташкан. Жыйынтыгында Жанг атаандашын нокаутка 42-секундада түшүргөн;
3-мартта Лас-Вегас шаарында орто салмактагы UFC чемпиону Тайрон Вудли менен Камару Усман аттуу спортчу күчтөрүн сынаган. Анда Усман атаандашын жеңип, жаңы чемпион болуп калган;
2-ноябрда Нью-Йорк шаарында мушкерлер Хорхе Масвидаль менен Нейт Диас дивизиондун мыктылыгына ат салышкан. Жыйынтыгында Диастын көзүнүн тушу айрылып кетип, медиктер мелдешти токтоткон. Ошентип Масвидаль жеңишке жеткен.
7-сентябрда Абу-Дабиде Хабиб Нурмагомедов атаандашы Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен утуп алган.