БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Британиялык 50 жаштагы жаран далысына чыккан мүйүзүн дарылоо үчүн ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Маалыматка ылайык, эркек киши үч жыл бою аркасына чыккан сөөк боюнча дарыгерлерге кайрылган эмес. Мүйүздүн узундугу 14 сантиметр, калыңдыгы 5,8 сантиметрге чейин жетип, ооруканадагылар аны "ажыдаардын мүйүзү" деп атаган.
Медициналык изилдөө учурунда ал мүйүз дарылоого мүмкүн болгон залалдуу шишик экендиги аныкталган. Дарыгерлер аны хирургиялык жол менен алып, ордуна бут санынын терисин тиккен.