БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкектеги абанын тазалыгын эсептеген датчиктер жаңы жылдык түндө атылган салюттардан кийин абада РМ2.5 бөлүкчөлөрү кескин көбөйгөндүгүн көрсөттү. Муну "МувГрин" экологиялык кыймылынын орноткон жабдууларында байкалды.
"Короче" - Telegram каналы Жаңы жылга чейинки жана андан кийин абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөрдү салыштырды.
Биринчи скриншот 31-декабрь түнү саат 23.40тар чамасында жасалган. Анда шаар боюнча Ботаникалык бактын аймагында аба салыштырмалуу таза болсо, абасы өтө булганган жер катары Бейшеналиева менен Токтогул көчөсүнүн кесилиши көрсөтүлгөн.
"МувГрин" экологиялык кыймылы борбор калаага бир нече датчик орноткон. Алар абанын курамындагы РМ2.5 бөлүктөрүн ченейт. Анын жардамы менен көрсөткүчтөрдү ар дайым көз салып турууга болот. РМ — бул абадагы майда бөлүкчөлөр. Ал эми РМ2,5 болсо 2,5 микрометрге, РМ10 — 10 микрометрге жетпеген бөлүкчөлөр.