Анастасия Заворотнюк күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Заворотнюк жаңы жылды өзү дарыланып жаткан клиникада тосту. Анын абалы оор болгондуктан, дарыгерлер жаңы жылды үйүнөн тосууга уруксат беришкен эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Актриса Анастасия Заворотнюк жыл жаңырар алдында Instagram баракчасы аркылуу аны колдоп, жакшы каалоо-тилектерин айтып турган адамдарга ыраазычылык билдирди.

"Настя баарыңыздарга салам жолдоп, буга чейин колдоо көрсөтүп, аманчылыгын тилеп турган күйөрмандарына ыраазычылык билдирет. Ошондой эле жаңырган жылда бардык жакшылыктарды каалайт", — деп жазылат актрисанын баракчасында.

Туугандары уруксат ала алган жок. Заворотнюк Жаңы жылды ооруканада тосот
Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Заворотнюк жаңы жылды өзү дарыланып жаткан клиникада тосту. Анын абалы оор болгондуктан, дарыгерлер жаңы жылды үйүнөн тосууга уруксат беришкен эмес.