Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты. Сүрөт

Таштанды чыгаруу үчүн 60 адам түнкү 2-3кө чейин иштеп, атайын 5 техника колдонулду. Аянтта алдын ала 20 желим жана 10 евро деп аталган контейнерлер коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын түнүндө Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан үч тонна таштанды чыгарылгандыгын "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кабарлады. 

Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты. Сүрөт
"Жалпысынан "тазалыкчылар" үч тонна таштанды чыгарды. Ал үчүн 60 адам түнкү 2-3кө чейин иштеп, атайын 5 техника колдонулду", — деп билдирди Каракеева.
Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты. Сүрөт

Маалымат катчы алдын ала 20 желим жана 10 евро деп аталган контейнерлер орнотулгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, түндө бишкектиктердин бир тобу жаңы 2020-жылды "Ала-Тоо" аянтында орнотулган башкы балатынын жанында тосту. Буга карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, аны майрамдык концерт коштоду.