Шляпачан Анжелика, көйнөкчөн Динара, жоолукчан Айчүрөк. Аянттагы түнкү сүрөттөр

Салтка айланып калгандай, шаардыктар менен калаа меймандарын эстрада жылдыздары куттуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Шаар тургундары менен бирге мэр Азиз Суракматов борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жыл тосуп, майрамдык шоу-программага күбө болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Салтка айланып калгандай, шаардыктар менен калаа меймандарын эстрада жылдыздары куттуктады. Жыл жаңырар түнү элдин маанайын ырчылар Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков жана бир топ артисттер көтөрдү.

Күн суук болгондуктан аянттагы сахнага артисттер сырт кийимчен чыгышты. Артисттерди мындай учурда аз көргөн элге сценада жылуу кийимчен ырчылардын жүрүшү кызык болду. Көптөр телефондоруна тартып алып жатышты.

Салюттан да бийик! Жаңы жылдагы түнкү Бишкектин асмандан көрүнүшү. Сүрөттөр
Саат 23.50дөн тарта президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү айтылып, 00.00дө майрамдык фейерверк атылды. Баса, мэриянын билдиргенине караганда, салют 30дан 130 метрге чейинки бийиктикте атылды. Ал эми адистер сертифицияланган фейерверк абага анчалык зыян келтирбесин айтышкан.

Белгилей кетсек, жаңы жылдын түнүндө "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан үч тонна таштанды чыгарышты.