БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкөнүн биринчи адамдарынын жолугушуусу бүгүн, 31-декабрда, өттү. Анда 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.
"Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутагынын ишмердиги, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек", — деп белгилеген Жээнбеков.
Мамлекет башчы бийликтин үч бутагынын жетекчилерин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалаган.
Ошондой эле ал бийликтин үч бутагынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өлкөнүн социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүүдө, аймактарды өнүктүрүүдө, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда алгылыктуу иштер жасалганын баса белгиледи.