Эстониялык редакциянын кызматкерлерине бийлик "Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттиги менен иштөөсүн токтотпосо, кылмыш иш козголо турганын айткан.
Буга британиялык кураторлордун да тиешеси бар экенин Москвадагы жогорку кызматта иштеген адам билдирген.
Таллин мындай жагдайга Евробиримдик 2014-жылы киргизген санкцияларды жүйө келтирүүдө. Бирок ал тизмеде Sputnik Эстония жок.
Эстон бийлигине бир топ россиялык саясатчы сын айтып чыккан, алардын арасында Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да бар.
"Европа өлкөлөрү сөз жүзүндө европалык баалуулуктарды, сөз эркиндигин пропагандалап, ал эми ишке келгенде ЖМК менен кантип күрөшүү керектиги боюнча терс үлгү көрсөтүп жатканы кейитет. Бул тырмакчага алынган демократия", — деди ал.
Журналисттерди кесиптештери да колдоого алышты. Ал эми "Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский #СпутникСила флешмобун уюштурду. Символу — сары жилет менен гиря, анда англис тилинде "Got You Covered!" (Бизге таян!) деп жазылып турат.