Мэрия Тез жардам кызматына алты автоунаа белек кылды

Мындан сырткары, муниципалитет 2 миллион 600 миң сомго сүт азыгын ташыган эки автоунаа да сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мэрия Тез жардам кызматына алты автоунаа белек кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, тез жардам унаалары мэриянын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10 миллион 980 миң сомго алынган.

"Белекке берилген унаалардын алтоо Россиядан чыгарылган "А" класстагы Lada үлгүсүндөгү машиналар. Ичинде дарылоо-диагностикалык жабдуулары бар. Буга чейин шаардыктарды 46 тез жардам машинасы тейлеп келген. Эми ага алты автоунаа кошулуп, "103" кызматынын базасында 52 унаа иштемекчи", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын планы боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатына жыл сайын 7-8 автоунаа алынып турат. Норматив боюнча алардын саны 100гө жетиши керек.

Кошумчалай кетсек, алты тез жардам унаасынан сырткары мэрия 2 миллион 600 миң сомго сүт азыгын ташыган эки автоунаа да сатып алган.