Мамлекеттик каттоо кызматы КРге унаа алып келгендерге эскертүү берди

Акыркы айларда "Унаа" мамлекеттик ишканасынан алгачкы каттоодон өтүп жаткан унаалардын саны көбөйгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанга чет өлкөдөн кирген унааларды 10 күн аралыгында каттоо зарылдыгын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 31-декабрда, ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген унааларды жеңилдетилген тариф менен каттатуу мөөнөтү аягына чыгат. Буга байланыштуу акыркы айларда "Унаа" мамлекеттик ишканасынан алгачкы каттоодон өтүп жаткан унаалардын саны көбөйгөн.

"Унаа сатып алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүү керектигин эске салабыз", — дешти Мамкаттоодон.

1-7-январь аралыгында кыргызстандыктар эс алганына байланыштуу 30-31-декабрь күндөрү өлкөгө алынып келген унаалар 10 жумушчу күндүн ичинде каттоого алынышы шарт. Тагыраагы, 10 күндүк каттоо мөөнөтү 8-январдан баштап эсептелет.