БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын элдик соту былтыр төрөлгөн эгиз кыздардын генин өзгөртүп койгон генетик окумуштуу Хэ Цзянькуйду үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Мындан тышкары, окумуштуу 3 миллион юань (422,5 миң доллар) айып төлөмөй болду. Кытайдын мыйзамы тыюу салган генди оңдоп коюу чуусу боюнча дагы эки дарыгер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алардын бири Чжан Жэньли эки жылга, экинчиси Цинь Цзиньчжоу 1,5 жылга кесилди.
Цзянькуй мындай жол менен байып кетүүнү көздөп, өз каражатына окумуштууларды жалдап иштеткен. Ошол эле учурда ал кылып жаткан нерсеси тууралуу ачык айткан эмес.
Экспериментте катышууга сегиз түгөй макул болгон. Мында бардык эркектер ВИЧке кабылса, аялдарынын ден соолугу таза болгон. Окумуштуунун жоругу ачыкка чыккан маалда аялдардын бири Лулу жана Нана аттуу эгиз кыздарды төрөгөн учур эле. Бирок кийин гени өзгөртүлгөн дагы бир бала жарык дүйнөгө келген. Учурда бул балдардын кайда экени жана абалы тууралуу маалымат жок.