Майрамга карата Кайгуул милициясы бишкектиктерге кайрылуу жасады

Кайгуул милициясы жаңы жыл күнү коомдук жайларда тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция кызматы жаңы жыл майрамына карата элге кайрылды.

Кайгуул милициянын кызматкерлери коомдук жайларда тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт.

"Жаңы жыл күнү жарандар ага-тууган, жоро-жолдошторун куттуктаганы каттагандыктан шаарда унаа тыгыны жаралышы ыктымал. Ошондуктан мүмкүн болсо бул күндөрү коомдук транспортторго түшүүгө чакырабыз. Ал эми жөө жүргүнчүлөр, жолдон ары-бери өтүүдө, коомдук транспортторго түшүп жана чыгууда өтө кылдат жана сак болуңуздар. Кечки убакта жарык чагылдыруучу элементтери бар кийим кийүү сунушталат", — дешти милициядан.

Белгилей кетсек, 30-декабрдан тарта Кайгуул милиция Бишкек шаарынын төрт районунда тең иштеп баштады.