Соңку учурларда коомчулук тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын дарегине түрдүү кептер айтылып жүрөт. Аларды жокко чыгаруу үчүн биздин мекеме өз ишин ачык-айкын жүргүзүүнү башкы максат кылып коюп, бул багытта бир топ иштер аткарылды. Бул тууралуу Замирбек Карашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 12 өткөрмө пунктундагы видео көзөмөлдөргө онлайн көз салуу мүмкүнчүлүгү өкмөт башчыдан сырткары президенттин аппаратында да түзүлгөн.
"Бажы кызматынын негизги максаты — коомчулук, биздин саясатты жүргүзгөн жетекчилер алдында ачык-айкын иштөө. Бул багытта 2019-жылы көп иштер аткарылды жана келе жаткан жылы да улантылат. 2020-жылы аталган мекемеде мониторинг борбору ачылат. Ага чоң залды даярдап койдук. Келе жаткан жылдын биринчи жарым жылдыгында тендер өткөрүлүп, керектүү техника менен жабдылат", — деди Карашев.
Аткаминер ошондой эле бажы тармагындагы маалыматтар кызыккан бардык жарандар үчүн ачык экенин кошумчалады.