Арстан ургаачысын ыза кылган гиеналарды талаалата кубалаган видео

Видео Кениядагы Масаи-Мара (Кения) коругунда тартылган. Гиеналар зебраны жара тартып жеп жатканда арстандын ургаачысы келгени менен аны олжого жолотпой алыс кууган.
Sputnik

Бир аздан кийин алыстан желип-жорто кадимки арстандын келе жаткандыгын көрүүгө болот. Аны көргөн гиеналар менен тарп аңдыган жорулар алыс качкан.

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Бир аздан соң аларга экинчи ургаачы арстан келип кошулган. Видеодон токойдун паашасы болгон жаныбарлардын шашпай жеп жаткандыгын көрүүгө болот.