Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту. Сүрөт

2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшырып, куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Куралдуу күчтөргө батирлер Бишкектин 12-кичирайонуна салынган үйдөн берилсе, ЖАМК кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдовановка айылында курулган үйдөн турак жай алышты.

Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып, аларга мекенге чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт каалады.

Белгилей кетсек, 2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.