Шашылыш билдирүү! ӨКМ жыл жаңырар алдында көчкү түшөрүн эскертти

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Аба ырайы бузулганына байланыштуу бүгүн жана эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт.

Жаңы жыл күнү кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Мындан улам Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.