Немецтердин "Бавария" футбол клубу кыргызстандык күйөрмандарына рахмат айтты

Жарыяланган сүрөттөн клубдун оюнчуларын жана Кыргызстандын желегин көрүүгө болот. Клуб бир катар өлкөлөрдөгү күйөрмандарына кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Германиялык "Бавария" клубу Facebook баракчасы аркылуу кыргызстандык күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Немец клубунун расмий баракчасына ар бир өлкөдөгү күйөрмандарына ыраазычылык билдирген посттор жарыяланган.

Публикациялардын биринен "Бавариянын" оюнчуларынын сүрөтүн, Кыргызстандын желегин көрүп, "рахмат" деген сөздү окууга болот.