Кыргызстандын жарандыгын 978 киши алды

978 жаңы жарандын 141ин балдар түзөт. Ал эми жарандыктан баш тарткан 493 кишинин 128и балдар. Эки жарлыкка президент кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, КР жарандыгын 978 адам кабыл алган (837 чоң киши жана 141 бала), көп бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Экинчи жарлыктын негизинде 493 киши КР жарандыгынан баш тарткан (365 чоң киши жана 128 бала).