Роза Айтматова, Байма Сутенова, Табылды Актанов баштаган топ талантка наам берилди

Жогорку даражадагы наамдар журналист, ырчы, актёр, акын, фотограф жана башка кесиптин ээлерине ыйгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 2019-жылдын соңунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон бир катар адамдар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Президент КР эл артисти наамын Максутов баштаган беш адамга ыйгарды
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда, кол койгон.

Ага ылайык, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, "Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук бирикмесинин президенти Роза Айтматова, белгилүү актёр Табылды Актановго III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды.

Ал эми журналист Байма Сутеновага "Даңк" ордени, сүрөтчү-фотограф Александр Фёдоров жана кол өнөрчү Динара Чочунбаева да "Даңк" медалы менен сыйланды.

"Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти, ырчы Кенже Дүйшеева, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чебери Ильичбек Касымбеков Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алды.

Акын Зайырбек Ажыматов, журналист Бейшенбек Бекешов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болушту.

Сыйлыктар тууралуу толугу менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.