Кадыров Емельяненкону бир чаап эле нокаутка кетирүүнү убадалады

Чеченстандын башчысы мушкер менен бокс эрежеси менен беттешиши мүмкүн. Кадыров Емельяненкого чакырыкты ал пауэрлифтер Михаил Кокляевди нокаут менен утуп алгандан кийин таштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров Александр Емельяненко менен беттешип калса, нокаутка кетире турганын билдирди. Бул туурасында Р-Спорт жазды.

Анын айтымында, төрт раунд бою "рингде качып жүрүп", акырында бир сокку менен нокаут кылууну ниеттенүүдө.

"Каякка урайын, капталгабы же башка жагынабы", — деп суроо салган Кадыров Telegram каналындагы катталуучуларына.

Федор Емельяненко атаандашын чыкыйга чаап, бир мүнөттө утуп алды. Видео
Ноябрдын аягында Емельяненко пауэрлифтер Михаил Кокляев менен бокс эрежеси менен беттешип, утуп алган. Андан кийин Чеченстандын башчысы спортчуга чакырык таштап, Емельяненко аны менен да бокс эрежеси боюнча мелдешүүгө даяр экендигин билдирген.

Россиянын Бокс федерациясынын башкы катчысы Умар Кремлев беттешти уюштуруп берүүгө даяр экендигин айтты.