Pantone деген аталыштагы түстөр институту бар. Ал жыл сайын кайсыл өң мода болорун жазат. 2020-жылдын түсү классикалык көк деп белгиленди. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кымбат баалуу аксессуар тагынган заман кетип баратат.
"Жаңы жылдык майрамга дал ушул чымкый көк түстөгү көйнөк кийсеңиз болот. Андан тышкары, жалтырак күмүш, алтын түстөгү кийимдерди тандаңыз. Бул маанайды көтөргөн, майрамдык образ болуп берет. Гардеробдо болгон кийимдерди айкалыштырып, үстүн же астын реставрация кылып, жаңы образ жаратып кийип алсаңыз болот. Мен кардарларга бир нече образ бергидей кийимдерди тандап бергенге аракет жасайм. Негизи сатып алган көйнөктөр жок эле дегенде 5-6 жолу кийип чыгууга жарашы керек. Кечеге барарда таптакыр эле вариант чыкпаса ижарага көйнөк алган туура. Себеби кымбат көйнөк алсаңыз, ал бир жолу кийгенге гана жарап калган учурлар кездешет. Образды толуктоо үчүн бижутерия тагыныңыз. Анын көлөмү, түсү кийим сыяктуу эле адамдын жүзүнүн, денесинин түзүлүшүнө пропорционалдуу болушу керек. Бут кийимдин такасы да адамдын көлөмүнө жараша болгону туура. Мисалы, толук айым ичке шиш така кийбеши керек. Тескерисинче, арык, кичинекей аялдар калың такасы бар бут кийим кийип алса жарашпай калат", — деди Орчунова.
Стилист эң башкысы кийим жарашыктуу жана ыңгайлуу болушу керектигин кошумчалады.