Элди таң калтырам деген дарчы башы менен кулап түштү. Видео

Тольятти шаарында өнөрүн көрсөтүп жаткан дарчы беш метр бийиктиктен башы менен ылдый кулап түштү. Кайгылуу окуяга күбө болгон күйөрмандар анын ооруканага жеткирилгенин билдиришкен.
Sputnik

Окуянын видеосу "Самара" телеканалына жүктөлдү. Кырсык 28-декабрь күнү көчмө циркте болгон.

Кадрлардан артист аркандын үстүндө камсыздандыруучусу жок иштеп жатканын көрүүгө болот. Трюкту аткарып жатканда тең салмактуулугун жоготуп, башы менен ылдый кулаган. Ал жерге мойну менен тийип, анан оодарылып жатып калган.

Дарчы ооруканага жеткирилген.