Талибдер Тажикстандын чек арасындагы аймакка кол салып, 17 киши каза тапты

Куралчан топ өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кошуундун базасына 29-декабрда эртең менен кирип келген. Анын кесепетинен бир нече жоокер каза таап, сегиз киши жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Талибан" радикалдык тобунун мүчөлөрү тажик-афган чек арасында жайгашкан Тахар провинциясына кол салды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.

Согушкерлер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кошуундун базасына 29-декабрда эртең менен кирип келишкен. Анын кесепетинен элдик кошуундун 17 жоокери каза таап, сегиз киши жабыркаган.

Трамп "Талибан" АКШ менен кепке келүүгө умтулганын айтты. Видео
Белгилей кетсек, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын кагылышуусу жүрүп келет. Аталган топ мурда аймактардагы маанилүү жерлерди ээлеп, ири шаарларга чабуул коюп турган.

Өлкө аймагында "Ислам мамлекети"* террордук тобунун таасири күч. Афганистандын улуттук коргоо жана коопсуздук күчтөрү куралчан топко каршы биргелешкен операцияларды жүргүзүп келет.