Роналду менен Хабиб казакстандык буту жок бала менен жолукту. Видео

11 жаштагы Али Турганбеков футбол жылдыздары Лионель Месси, Диего Марадона, Неймар, Кавани жана Мбаппе менен жолугууга жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Нур-Султандагы буту жок бала Али Турганбеков футбол жылдызы Криштиану Роналду менен жолукту.

Кадр менен UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов да бөлүшкөн.

"Мына ошондуктан дүйнөдө сен мыктысың. Чоң рахмат, Роналду. Сен менин инимди бактылуу кылдың", — деген Хабиб.

Жакында эле Нурмагомедов да Алматыдагы ММА турнирине конок болуп келгенде Али менен жолуккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Vesti.kz (@vestikzsport)

Али Турганбеков — футболдун ашыккан фанаты. Ал буга чейин Лионель Месси, Диего Марадона, Неймар, Кавани жана Мбаппе менен жолугууга жетишкен. Sputnik Казакстан даярдаган видеодо өспүрүм тууралуу кенен маалымат берилет.