Юристанбек Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган УКМК кызматкерине өкүм чыкты

Үй-бүлөлүү 35 жаштагы эркекти сот бир жылга шарттуу эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салды. Эми анын жүрүм-турумун атайын кызмат көзөмөлдөп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. УКМКнын ыкчам кызматкери музей директорунан 20 миң доллар талап кылып, бир жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланат.

Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар
Өкүмгө ылайык, УКМКнын Башкы башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкери борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаевди музейден Айвазовскийдин болжолдуу баасы бир миллион долларлык уурдалган сүрөтү боюнча иш ачам деп опузалаган. Бирок Шыгаев андай суммадагы акча жок экендигин билдирип, 5000 долларга токтолушкан.

Эки күндөн кийин чекист директордун кабинетинен 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Жабырлануучу УКМКнын кызматкери опузалап баштаганда эле Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Сот отурумунда айыпталуучу "Алдамчылык" беренеси боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланбагандыгын белгилеп, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Эжемден 2019-жылдын февраль айында ири суммадагы акча алып кайтарып бермекмин. Ага чейин Юристанбек Шыгаевдин бир кылмыш иши боюнча кыйын абалга кептелгенин уккам. Ошол учурдан пайдаланып директордон акча алып, өзүмдүн карызымды төлөп салсамбы деп ойлогом. Мен иш жүзүндө Шыгаевден 50 миң сом алгам жана кайра кайтарып берем деп ойлогом. Кылганыма өкүнөм", — деген айыпкер.

Фемида өкүлдөрү буга чейин соттолбогон, үй-бүлөлүү, 35 жаштагы эркекти бир жылга шарттуу эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салды. Эми анын жүрүм-турумуна атайын комитет көз салат.

Эскерте кетсек, Юристанбек Шыгаев аталган музейди 2008-жылдан тарта 2019-жылдын май айына чейин жетектеп келген.