Радио

Кулманбетов: Кыдыкеева, Күйүкова, Рыскулов тубаса таланттар эле

Драматург жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов кыргыз театрынын жана кинематографиясынын тарыхындагы бир топ залкар актёрлор эл ичинен чыккан тубаса таланттар болгонун айтты.
Sputnik
Кулманбетов: Кыдыкеева, Күйүкова, Рыскулов тубаса таланттар эле

Театр жылдыздары Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованын болгону жети эле класс билими болсо, Муратбек Рыскулов мектепте 3-класска чейин эле окуган. Бирок ага карабастан алар теңир даарыган таланты менен театр сахнасын багындырып, өз кесибинин корифейлерине айланышкан. Бул тууралуу Жаныш Кулманбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө актёрлор атайын театралдык окуу жайлардан билим алып, өз кесиби менен профессионалдык деңгээлде алектенип келишет.

"Кыргыз маданиятынын тарыхында бир катар таланттуу артисттер атайылап театралдык окуу жайлардан билим алып, актёрлук чеберчиликке үйрөнбөй эле тубаса таланты менен театр жана кино жылдыздарына айланышкан. Мисалы, актёрлук кесиптин корифейи Бакен Кыдыкеева жети эле класстык билими менен секелек кезинде театр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, башкы ролдорду жаратуу менен бүтүндөй өлкөгө таанылган. Ошол эле айтылуу Даркүл Күйүкова дагы болгону 7-классты аяктап, жаш көрүүчүлөр театрынын алгачкы актрисасы болуп, кийин Советтер Союзуна атагы чыккан артисттердин бири болду. Ал эми Муратбек Рыскулов үч эле класстык билими менен жаш кезинде малчылык менен алектенип жүрүп, алгачкы ирет 40 жашында театр босогосун аттаган. Бирок ага карабастан улуу актёр Советтер Союзунун эл артисти болуп, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына чейин жеткен", — деди Кулманбетов.

Драматург азыр дагы калк ичинен ачыла элек таланттарды табуу үчүн акыркы беш жылдан бери студенттер арасында "Жаңы ысымдар" аталышындагы ачык театр фестивалы өткөрүлүп келерин кошумчалады.