Федор Емельяненко атаандашын чыкыйга чаап, бир мүнөттө утуп алды. Видео

Япониядагы турнирде Емельяненконун кармашы бир раунд менен соңуна чыкты. Анын узаткан таамай соккусунан америкалык мушкер көмкөрөсүнөн кулап түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Россиялык мушкер Федор Емельяненко америкалык атаандашы Куинтон Жексонду Японияда болгон Bellator ММА турниринин алкагында нокаут менен утуп алды.

Беттештин видеосу аталган уюмдун расмий Instagram баракчасына жарыяланды.

Дастан Шаршеев тизеси менен атаандашын эсин оодара тепти. Түркиядагы видео
Сайтаме шаарындагы турнирде Емельяненконун кармашы бир раундга эле созулду. Анын чыкыйга узаткан таамай соккусунан америкалык мушкер көмкөрөсүнөн кулап түшкөн.

Россиялык спортчу соңку беттешинде америкалык Райан Бейдерге жеңилип калган.

43 жаштагы Емельяненко аралаш мушташта 39 жеңишти камсыздап, бир ирет утулган, ал эми атаандашы Жексон 38 мелдешти утуп, 14 жолу жеңилген.