Адамдардын бою өсүп баратат. Эксперттер тамак-аш тартыштыгы жараларын айтышууда

Адистер келечекте азык-түлүктүн тартыштыгы болушу мүмкүн экенин белгилеп, коңгуроо кагып жатышат. Бул өзгөчө жарды мамлекеттерде катуу сезилет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жүз жылдыктын соңунда адамзаттын азык-түлүккө болгон муктаждыгы 80 пайызга көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу Геттинген университетинин окумуштууларына таянуу менен ВВС жазды.

Мында дене салмагынын индекси да чоң роль ойнойт, анткени акыркы убакта ал көбөйүп жатканы байкалат. Демек адам организми көбүрөөк калорий талап кыла баштайт.

Иликтөөнүн авторлору тамакка болгон муктаждык канааттандырылбаса, дүйнөдөгү теңсиздик маселеси курчуй турганын белгилешти.

БУУнун божомолуна ылайык, 2100-жылга карата Жер жашоочуларынын саны 7 миллиарддан 11 миллиардга чейин көбөйүшү мүмкүн. Ал эми 2010-жылга салыштырмалуу калорийге болгон муктаждык 18 пайызга өсөт. Буга адамдын бою жана салмагынын жогорулашы себеп болору айтылды.

"Биздин баалообуз боюнча, 2010 жана 2100-жылдардын ортосунда адамдын бою менен салмагынын өсүшүн эске алуу менен киши башына керектелчү калорийдин көлөмү суткасына 253 ккалга көбөйөт. Глобалдуу масштабда алып караганда бул 2010-жылдагы Индия менен Нигериянын муктаждыгы кошулгандагы көрсөткүч", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Лутц Дпенебуш.

253 килокалорий — бул күнүмдүк тамактан сырткары эки чоң банан жана фри картошкасынын бир таңгагы.

Адамзатты каатчылык күтүп турабы? Эксперттердин изилдөөсү
Депенбуш жана анын кесиптештери мындай көрүнүш азык-түлүк дефицитин шарттап, тамак-аш тартыштыгына Сахарадан түштүк тарапты көздөй жайгашкан Африка мамлекеттери туш болорун болжолдошту. Аталган аймакта ушу тапта эле калк санынын көбөйүшү менен калорийге муктаждык жогорулаганы байкалып келет.

Илимпоздор эгер глобалдуу азык-түлүк саясаты мындай нерсени эске албай турган болсо, экономикалык теңсиздикти курчутуп жиберерин эскертишүүдө. Суроо-талап тигил же бул азыктын кымбатташын шарттайт. Бай мамлекеттердин азык-түлүк үчүн көбүрөөк акча сарптоого мүмкүнчүлүгү жетишерлик, ал эми жарды өлкөлөрдөгү тамакты тое жебегендик дагы бир курч көйгөйгө айланышы толук ыктымал.