Дүйнөдөгү эң бай жесирге Россияда издөө салынды. Чоо-жайы

Байлыгы абдан көп аялды сот күтүп жатат, анда "Интеко" компаниясынын биринчи вице-президенти Батуринанын банкроттугу боюнча иш каралмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Элистанын соту (Калмакстан, Россия) Москванын мурдагы мэри Юрий Лужковдун жесири, 2014-жылдан бери Forbes тизмеси боюнча дүйнөдөгү бай аялдардын катарынан түшпөй келе жаткан Елена Батуринага издөө салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Агенттикке бул маалыматты жактоочу Дмитрий Савочкин билдирген.

Буга чейин жактоочу Савочкин Елена Батуринага ушак таратып, жалган жалаа жапканы үчүн издөө салынганын да айткан. Арызды Виктор Батуриндин банкроттугу боюнча финансылык иштердин башкаруучусу Эренцен Манжеев жазган.

Батурина бир тууган инисинин Австриядагы бир топ эле кыйын болгон сотунда Манжеев жасалма документтердин жардамы менен алардын каражатын алып алууга аракет кылган деп айткан. Жактоочунун айтымында, бул калп.

"Соттун ачык өткөн отурумунда ага издөө жарыяланып жана өзү келбесе күч менен алып келүү токтому чыккан", — деп айтып берген адвокат.

Анын айтымына караганда, киши өзүнө кылмыш иши козголгондугун билип жүрө берип, сотко келбесе, ага издөө салынып жатат.

"Же изделет, же сотко өзү келет", — деген Савочкин.

Москвада мурдагы финансы министринин 14 млрд. рубль уурдаганы аныкталды
Жактоочу жалаа жабуу боюнча кылмыш ишине да, Батурина боюнча чечимдин тийгизе турган кесепетине да комментарий берген жок.

Батуринанын өкүлү Геннадий Теребков аялга козголгон кылмыш ишинин артында Михаил Фридмандын А1 деп аталган инвестициялык компаниясынын түзүмдөрү турат деген пикирин айтты. Ал аталган аракеттерди Батуринанын аттандаштарынын күйөөсү Юрий Лужков каза болгондон кийинки "жийиркеничтүү пиар-кампаниялары" деп атады.

Москвага 18 жыл (1992-2010) мэр болгон Лужков быйыл, 10-декабрда, 84 жашында көз жумган.