Окуучу кыз менен жыныстык катнашка барган киши соттолду. Соттук өкүм

Сот отурумунда жабырлануучу да, айыпталуучу да мындай аракеттерге бир нече жолу өз эрки менен барышкандыгын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 16 жашка чыга элек кыз менен жыныстык катнашка барган жигит 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланат.

Сөөгү 4 жылдан кийин табылып... Атасын короого көмүп салган кишиге өкүм чыкты
Маалыматта окуянын кайда болгону айтылбайт. Өкүмгө ылайык, 25 жаштагы бойдок киши алгач мектепте окуган өспүрүм менен интернет аркылуу сүйлөшүп таанышкан. Андан соң бири-бирин жактырып, сүйлөшүп жүрүшкөн. Күндөрдүн биринде айыпталуучу окуучуну унаасына салып барып, аны менен жыныстык катнашта болгон.

Сот отурумунда жабырлануучу да, айыпталуучу да мындай аракеттерге бир нече жолу өз эрки менен барышкандыгын айткан.

Фемида өкүлү тараптарды угуп, айыпталуучуну Жазык кодексинин 164-беренеси ("Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча күнөөлүү деп таап, аны 7,5 жылга темир тор артында калтырды.