БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэринен футбол борборун курууга жер берүүсүн талап кылган флешмоб башталды. Бул маселе бир нече күндөн бери талкууланууда.
"Дордой" футбол клубунун күйөрмандарынын Instagram аккаунту аркылуу ири футболдук объектини куруу маселесине кайдыгер карабагандарды 30-декабрда саат 11.00дө Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын алдына чогулууга чакырууда. Алар бийликке футбол борборун куруу канчалык маанилүү экенин түшүндүрүү максатын коюуда.
Мындан сырткары, #ЗемлюФутбольномуЦентру деген хэштег менен улуттук команданын футболчулары Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов, Бекжан Сагынбаев, спорттук ЖМКлар жана башка спорт сүйүүчүлөрү пост жазууда.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун курууга каражат бөлөт. Кыргызстандын Футбол федерациясы 31-декабрга чейин курула турган жер тилкени аныкташ керек, андан кечиксе, грант башка өлкөгө берилип калат.
27-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрияга жаңы стадион курууга пландалып жаткан калаанын түштүк тарабындагы 6 гектар жерди бөлүп берүүгө протоколдук тапшырма берген. Башкача айтканда, депутаттар Футбол федерациясы сураган жерди берүүнү сунуштаган.
Эми мэрия менен федерация маселени өз алдынча чечиши керек. Мэрия жер муниципалдык болгондуктан объект курулуп бүткөндөн кийин мэриянын балансына өтүшү керектигин айтууда.