Авиакырсыктан атасы каза болуп, 4 баласы жаракат алды. Алматыдагы кейиштүү окуя

Учурда Балдардын медициналык тез жардам борборунда тогуз бала дарыланып жатат. Алардын абалы оңолуп бара жатканы айтылды. 
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Алматыдагы авиакырсык учурунда бир үй-бүлөнүн ээси каза болуп, төрт баласы жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстандын балдар омбудсмени Аружан Саин Алматыдагы авиакырсыктан жаракат алган кичинекейлерди көрүү үчүн ооруканага барган.

"Жаракат алгандардын арасында бир үй-бүлөнүн төрт баласы болгон. Алардын атасы каза болуп калыптыр. Ооруканадан Жетису районунун акими менен жолуктум. Ал балдардын туугандары менен жолукканын жана аларга жардам көрсөтүлө турганын билдирди", — деп айткан Аружан Саин.

Анын айтымында, Балдардын медициналык тез жардам борборунда тогуз бала дарыланып жатат.

Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады. Сүрөт
"Үч баланын буту, бир кыздын эки буту тең сынган. Азыркы тапта тийиштүү операциялар жасалып кыздардын бири жалпы палатага чыккан. Эки бөбөктөн башкасынын баары өзүнө келди. Алар жандандыруу бөлүмүндө өз алдынча дем алып жатышат, өмүрүнө коркунуч жаралбайт. Эң кичинекейлери олуттуу жаракат алган эмес, алар дагы азырынча жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деп айткан Саин.

Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.