Адвокат: Кодуранова, Карамушкина, Жолдубаева, Мискенбаевди сотко алып бара жатышат

Адвокаттын айтымында, төртөө тең бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, барымтага алууну уюштурган деп шектелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага, КСДП төрагасынын милдетин аткарган Асел Кодурановага, партия төрагасынын орун басары Ирина Карамушкинага жана КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаевге Башкы тергөө башкармалыгы барымтага алууну уюштуруу боюнча билдирме тапшырды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев кабарлады.

КСДП мүчөсүнүн Асылбек Жээнбеков боюнча кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү
Эскерте кетсек, буга чейин Жолдубаева Кой-Таш айылындагы адамдардын барымтага алынышы, башаламандык уюштуруу жана адам өлүмү боюнча иштин негизинде суракка чакырылып, бирок кармалган эмес.

Жоошевдин айтымында, аты аталгандардын төртөө тең массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо боюнча шектелип жатышат.

“Аларды №1 тергөө абагына киргизүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып келе жатышат. Кундуз Жолдубаева 5 жашар кызын жалгыз тарбиялайт. Мындан улам аны камакка алуу чечиминин акылга сыйгыс экенин айтууга болот”, — деди адвокат.

Кой-Таш окуясы

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция уюштурулуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү анын Кой-Таштагы үйүнө барган. Бирок мурунку президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Эртеси ИИМдин аракети менен Атамбаев багынып берген.

Мурунку президент УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, бир топ тарапташы да кармалган.

Кой-Таш окуясынан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы айтылган.