Опуза жана жалган маалымат берүү: АКШ РФ таасиринен кантип коргонот

Пентагон "Россия 2020-жылы АКШда боло турган шайлоого кийлигишүүгө аракет кылып жатат" деп эсептөөдө.
Sputnik

Добуш берүүнү тышкы таасирлерден коопсуз кармоо максатында америкалык аскерий аткаминерлер маалымат согушун жүргүзүүнүн стратегиясын иштеп чыкты. Тактикада Россиянын кийлигишүүсү мүмкүн деген россиялык бизнесмен менен аткаминерлердин жашыруун маалыматтарын ачыктоо, хакердик чабуул каралган.