Өкмөт чек ара чырында окко учкан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берди

Ушул жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, "Бөрү" отрядынын 41 жаштагы прапорщиги каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чырда курман болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин резервдик фондунан окко учкан аскердин бүлөсүн үй менен камсыздоо үчүн эки миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери Равшан Муминовдун жубайына катталды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза таап, 13 киши жарадар болгон.

Муминов курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланды.