Жаңы жыл алдында Бишкектеги 135 мугалим менен дарыгер МИКтен батир алышты

Батирлер борбор калаанын Тунгуч кичирайонунда жайгашкан. Ал тогуз кабаттан туруп 135 батирлүү экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп жатат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаанын Тунгуч кичирайонунда тогуз кабаттуу 135 батирлүү үй эксплуатацияга берилет.

"Бардык батирлер турак жай сатып алууга акча чогулта албаган маянасы аз бюджеттик кызматкерлерге сатылды. Алар мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер. Эрежеге ылайык баштапкы төлөмсүз, жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта алышты", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков мугалимдин айлыгын депутаттыкы менен кантип теңээрин айтты. Видео
Көп кабаттуу үйгө борбордук жылуулук жана газ туташтырылган. Ашканасы заманбап газ плиталары менен жабдылган. Дубалы жана шыбы сырдалып, полуна ламинат төшөлгөн. Жуунчу бөлмөнүн дубалы менен полуна кафель төшөлгөн. Турак жай мектеп, бала бакча, бейтапкана жана дүкөндүн жанында жайгашкан.

Батирлерди тапшыруу аземи 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт.