Даараткананын мыкты дизайны. Министрлик жарыялаган сынактын шарты

Сынак эки тур менен өткөрүлөт. Катышууну каалагандар өз эмгектерин 20-январга чейин жөнөтсө болот. Жыйынтыгы 30-январь күнү чыгарылмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти туристтик даараткананын мыкты дизайнына сынак жарыялады.

Ал эки тур менен өткөрүлөт. Катышууну каалагандар өз эмгектерин 20-январга чейин жөнөтсө болот. Жыйынтыгы 30-январь күнү чыгарылмакчы.

Максат — Кыргызстандын бардык аймактарына курулчу туристтик коомдук даараткананы бирдей стандартка келтирүү.

Сынакка катышчу иштерге кандай талап коюлат:

  • жаңыча, өзгөчө, креативдүү;
  • функционалдуу;
  • стиль жагынан ар тараптан төп келген;
  • улуттук колориттин сүртүмдөрү;
  • санитардык-эпидемиологиялык жана колдонуу нормалары боюнча КРдин мыйзамдарына туура келиши зарыл.

Мыкты дизайн үчүн демөөрчүлөр тарабынан 15 миң сом сыйлык каралган.

Ошондой эле башка дизайндарга дагы баалуу белектер берилиши мүмкүн. Ал эми сынакка катышкан бардык дизайнерлерге "Туризм тармагында өлкө инфраструктурасын жакшыртуу боюнча республикалык сынактын катышуучусу" деген сертификаттар берилет.