Казакстанда 28-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Соңку расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгондугу, анын ичинде экипаждын командири бар экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Казакстанда 28-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланганын Sputnik Казакстан жазды.

Алматыдагы учак кырсыгынан улам 28-декабрды Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыялоо боюнча Жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Кабинанын маңдайкы айнегинен кирип... Алматыда учак кулаган жердин видеосу
Sputnik Казакстан агенттиги Ички иштер министрлигине таянып, бортто Кыргызстандын бир, Украинанын эки, Кытайдын бир жараны болгонун жазды. Калган жүргүнчүлөр казакстандыктар болгон. Соңку расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.

Азырынча кыргызстандыктын ким экени, абалы туурасында так маалыматтар айтыла элек.

Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.