ЖК депутаттары жаңы жылда жумушка 13-январда чыгат

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамдарына карата 7-январга чейин эс алат. Ал эми депутаттар 13-январда жумушка чыкмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жылдык эс алуудан кийин үч күн региондорду кыдырат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эл өкүлдөрү 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуу боюнча токтом кабыл алган. Андан кийин эки күн ишемби менен жекшембиге туура келет. Демек, эл өкүлдөрү 13-январдан тарта жумушка чыгат.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамдарына карата 7-январга чейин эс алат.