Алматыдагы авиакырсыктан жаракат алган кыргызстандыктын абалы айтылды

Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 18 адам оор абалда жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыдагы авиакырсыктан жаракат алган Кыргызстан жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кырсыкка кабылган учактын ичинде 36 жаштагы К.М. аттуу кыргызстандык киши болгон.

"Алматыдагы башкы консулдуктун такталган маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны Алматы шаарынын №1 ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Консулдуктун кызматкерлери мекендешибизди көрүп келишти. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты
Аталган каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Эске салсак, бүгүн, 27-декабрда, учак Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөндөн кийин кулап түшкөн. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.