Алматыдагы авиакырсык: жүргүнчүлөрдү куткарып жаткан видео жарыяланды

Кадрлардан самолеттун ичинен адамдарды чыгарып жана ооруканага алып кирип бараткан ирмемдерди көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алматыда кулаган учактан жаракат алган адамдарды куткаруу учурундагы алгачкы кадрлар жарыяланды.

Анда самолеттун ичинен адамдарды чыгарып жаткан, ооруканага алып кирген, тез жардам унаалары биринин артынан бири өтүп бараткан ирмемдер көрүнөт.

Аталган кырсыктан Кыргызстандын да бир жараны жаракат алып ооруканага түшкөнү белгилүү болду.

Казакстан ИИМинин соңку такталган маалыматы боюнча, каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын 18инин абалы оор, калганына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Кырсыкка кабылган Bek Air авиакомпаниясынын учагында 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Эске салсак, бүгүн учак Алматы аэропортунан абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Трагедиялуу окуяга байланыштуу 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.