Алматыдагы учак кырсыгы: каза тапкандардын саны 9га жетти

Буга чейин кулаган учактын бортунда жалпысынан 100 киши бар экендиги, анын ичинен жети киши көз жумганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинен Алматыдагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны тогуз кишиге жеткендигин билдиришти.

Эске салсак, бүгүн учак абага саат 7:05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Ага чейин жети киши каза тапканы кабарланган. Жабыркагандардын ичинде балдардын бар экени да айтылган.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

"Учак кулап каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Аларга жардам берилет", — деп жазган президент Twitter аккаунтуна.

Бортто 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон.