БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамынан улам кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта бекеттердеги кыймылга 1-январь күнү чектөө киргизилери айтылат. Мындай аракет кытай тараптын демилгеси менен ишке ашырылмакчы.
Элди, транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 2-январда жанданат.