Шаардык сот Равшан Жээнбековго чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

Доо арыз бүгүн каралды. Буга чейин чыккан чечим боюнча Равшан Жээнбеков кийинки жылдын 9-февралына чейин камакта болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Шаардык сот Биринчи Май райондук соттун экс-депутат Равшан Жээнбековго чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 14-декабрь күнү кармалып, 2020-жылдын 9-февралына чейин тергөө абагына камакка алынган. Экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылууда.

Адвокаттардын доо арызы шаардык сотто каралып, өкүм өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочулардын айтымында, кийинки доо арыз 9-январда берилмекчи.