ӨКМ агенттигинин жетекчиси ок жеп, каза тапкан үйдүн сүрөтү

Кызматкердин сөөгү Озгур айылында өзү жашаган үйдүн короосунун айланасынан табылган. Маркум Сапар Бакыев 35 жашта болчу, артында эки уулу калды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы Ошто ок жеп каза тапкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел сууларынан коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сапар Бакыев жашаган районго барып, үйүн сүрөткө тартып келди.

Ошондой эле маркумду ооруканага алып барууга аракет кылышкан Lexus үлгүсүндөгү унаанын да сүрөтү чыкты.

Бишкекте маршрутка аялды тебелеп кеткен учур видеого түшүп калган
25-декабрда Ош шаардык милициясына Тез жардам кызматынан Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тургунунун сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун башына ок тийгенин көрүшкөн. Жашаган үйүн кароо маалында сарайынын алдынан уюган кан жана андан төрт метр аралыктан гильза табылган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Сапар Бакыев 35 жашта болчу, артында эки уулу калды.