Кыргызстандык мушкер атаандашын Хабибдин көзүнчө аёосуз сабап салды. Видео

Кыргызстандык ММА мушкери Султан Жолдошбек уулу Алматыда өткөн мелдеште атаандашын техникалык нокаут менен жеңген.
Sputnik

Алматы шаарында кечээ, 25-декабрда, аралаш мушташ боюнча Gorilla Fighting Championship 23 турнири өткөн.

Атамекендик мушкер 64 килограмм салмак категориясы боюнча россиялык Имран Жулагов менен күч сынашкан. Алардын беттешин кеченин башкы коногу болуп келген UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов көрүп отурган.

Кармаштын экинчи раундунда Жолдошбек уулу каршылашын техникалык нокаут менен жеңип алды. Бул видео уюштуруучулардын FightSpace деп аталган YouTube каналына жарыяланган.

Бул кыргызстандык мушкердин профессионалдык карьерасындагы алтынчы жеңиши. Ал эми Имран Жулагов экинчи ирет жеңилүү ызасын тартып жатат.