2020-жылы салттуу музыка жумалыгы жалпы Кыргызстанда өтөт

Жумалыктын негизги максаты — жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү. Иш-чараны уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 2020-жылы салттуу музыка жумалыгы жалпы өлкө боюнча белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
Маалыматта атайын жыйын өтүп, салттуу музыка жумалыгына республиканын булуң-бурчун камтуу пландарын долбоордун автору Роза Аманова айтып берген.

Жумалыктын негизги максаты — жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү. Иш-чараны уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлөт.

Жумалыктын алкагында өлкөдөгү эл артисттеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлердин мастер-класстары, тегерек столдор жана лекциялар пландалууда.

"Жумалыктын жардамы менен жаш таланттарды гана колдоо эмес, алардын ичинен жаңы таланттарды алып чыгып, алар аркылуу өлкөнүн өсүп келе жаткан муунунун маданиятка умтулуусун ойготобуз", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чараны өткөрүү үчүн министрликтин 2020-жылга карата бюджетинде каражат каралган.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгы 2009-жылдан бери өтүп келет. Жогорку Кеңештин токтому менен 2013-жылдан тарта иш-чара бир жумага созулган. Буга чейин салттуу музыка жумалыгы республиканын айрым аймактарында гана өткөрүлүп келген.