КР менен РФтин кайчылаш жылынын символуна сынак жарыяланды

2020-жыл Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы болмокчу. Маданият министрлиги аталган иш-чарага ылайык келген символиканы сунуштоого чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына символ ойлоп табууга сынак жарыялады.

Катышуучулар логотип, слоган, ар кандай стилдеги жазууларды сунуштай алышат.

Биринчи орун 70 миң сом. Борбордо муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт
Жеңүүчүнүн материалы Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган иш-чараларда колдонулмакчы.

Сынактын байге фонду 70 миң сомду түзөт. Эмгектер 26-декабрдан тарта 9-январга чейин кабыл алынат.

Арыздарды Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан Маданият министрлигине же KG-RU_2020year@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүү керек. Бардык суроолор боюнча +996 (312) 66-48-16 номерине чалууга болот.

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөрү күтүлүүдө. Анын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтөт.